Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Биометрикалык маалыматты 12 жолу тапшырган адам аныкталды


Бул тууралуу шайлоодогу жаңы технологиялар тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Андай адамдар кармалганын, бир нече жолу биометрикалык маалымат тапшыргандар чийилип, бирөө гана каларын айтты.

- Айрым партиялар чын эле 2-3 жолудан тапшырткан экен. Азыр Борбордук шайлоо комиссиясы менен тактап жатабыз. Андай адамдарды кармадык, 12 жолу тапшыргандар бар экен. Алардын бардыгы чийилип, бирөө гана калат.

Жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоо жараяны өткөн жылы сентябрь айынан тарта башталган. 19-сентябрдан баштап биометрикалык маалыматты топтоо токтотулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG