Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовду акыркы сапарга узатуу тажыясы Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында өттү. Ага премьер-министр Темир Сариев башатаган өкмөт мүчөлөрү, президенттик аппараттын жетекчиси Темир Жумакадыров жана жазуучу, артист, режиссерлор катышты.
“Казат Акматов – кыргыз тилинин өнүгүүсүнө зор салым кошту. Легендарлуу парламентте болуп, республиканын калыптануу процессине катышты. Анын чыгармалары чет тилдерде басылууда. Бул өлкө үчүн чоң жоготуу”,-деди Сариев.
Маркумдун сөөгү Бишкектин четиндеги Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлду.
74 жаштагы жазуучу Казат Акматов 13-сентябрда дүйнө салган. Быйыл жазуучулар союзу ага “Кыргызстан баатыры” наамын тапшырууга сунуштама даярдап жаткан эле.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен жазуучунун үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 100 000 сом жардам бөлүнгөн.
Казат Акматов 1941-жылы Ысык-Көлдөгү Бостери айылында туулган. Ал “Күндү айланган жылдар”, “Мезгил”, “Архат” сыяктуу романдары менен окурмандарга белгилүү. (AzK)