Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Барак Обама Владимир Путин менен жолугушу ыктымал


АКШ, Орусия президенттери. Кытай. Бээжин. 11- ноябрь. 2014-жыл.
АКШ, Орусия президенттери. Кытай. Бээжин. 11- ноябрь. 2014-жыл.

28-сентябрда Нью-Йоркто башталчу Улуттар Уюмунун кезектеги сессиясында АКШ президенти Барак Обама Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушу мүмкүн. Бул тууралуу Обаманын маалымат катчсы Жош Эрнест шейшембиде билдирди.

“Учурда эки президенттин бир топ маселелер боюнча көз караштары эки ача болуп келет. Ошонун бардыгын алар жекеме-жеке, ачык сүйлөшүүсүндө чечип алуу мүмкүнчүлүгү бар” –деп билдирди Эрнест.

Ал эми Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков ушул эле күнү “Президент Путин диалог үчүн ар дайым ачык, өзгөчө президент Барак Обама үчүн”, - деп айтты.

New York Times гезити эки президенттин жолугушуусу боюнча Барак Обама Путин менен түз сүйлөшүүнү каалабай жатса да, Кремлдин сунушу Ак үйдө кызуу талкууланып жатканын жазды. Бир жылдын ичинде эки президент бир гана жолу телефон аркылуу байланышкан.

Алар акыркы жолу өткөн жылдын ноябрында Бээжинде өткөн Азия- Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын саммитинде жолугушкан.

Украинанын чыгышындагы жаңжал АКШ-Орусия мамилесин бир топ салкындатууга алып келди.

XS
SM
MD
LG