Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Өкмөт Байкоочу кеңештер менен тыгыз иштешүүнү тапшырды


Бул туурасында бүгүн премьер-министр Темир Сариев мамлекеттик мекемелердеги жаңы куралган Байкоочу кеңеш мүчөлөрү менен жолугушууда билдирди. Ал Коомдук байкоочу кеңештер бийлик органдарындагы кемчиликтерди жоюуга жана ишти жакшыртууга салым кошорун белгиледи.

Кыргызстанда былтыр ноябрдан тарта 29 мамлекеттик органда жаңы байкоочу кеңештер түзүлгөн. Ага 600гө жакын талапкер мүчө болууга арыз берип, алардын 229у тандалган.

Ушул тапта дагы 7 мекемеде: Саламаттыкты сактоо, Унаа жана байланыш министрлиги, Бажы, Салык, Каттоо кызматтары, Дене тарбия жана спорт, Байланыш агенттиктеринде коомдук кеңештер курала элек.

Аталган кеңештерди жаңылоо жараяны былтыр жазында башталган.

Мамлекеттик органдардын Байкоочу кеңештерин түзүү демилгеси 2010-жылы президент Роза Отунбаева тарабынан көтөрүлүп, ишке ашкан. Ал боюнча мыйзам 2014-жылы май айында кабыл алынган.(AzK)

XS
SM
MD
LG