Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Буриан: Биометрика тажрыйбасы Борбор Азия өлкөлөрүнө үлгү болушу керек


Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан премьер-министр Темир Сариев менен Бишкекте жолугушуп, Кыргызстандын биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоо өткөрүү аракетин колдой турганын билдирди.

Бул ыкма Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге да үлгү болуусу керектигин айтты.

Тараптар Кыргызстан менен аталган уюмдун өз ара кызматташтыгы, ар кандай тармактардагы биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого карата даярдыктын жүрүшүн талкууга алышты.

Буриан Европа Биримдиги Кыргызстан менен билим берүү жана илим тармагында кызматташтыкты күчөтүүгө өзгөчө кызыкдар экенин белгиледи, деп кабарлайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG