Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

Ысык-Көлдө суу кызматташтыгы боюнча эл аралык жыйын өтүүдө


Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында ушул күндөрү суу кызматташтыгы боюнча эл аралык жыйын өтүүдө. Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Борбор Азиядагы башка мамлекеттерден келген адистер катышып жаткан жыйында суу тармагындагы кыргыз-казак кызматташтыгы талкууланып жатканын уюштуруучулар кабарлады.

Иш-чара Чу жана Талас дарыяларын пайдалануу боюнча өз ара келишимдин 15 жылдыгына арналган. Аталган документке Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрү тарабынан 2000-жылдын январында кол коюлган. Анда эки өлкөнү тең аралап өткөн дарыяларды эл аралык эрежелерге ылайык пайдалануу маселеси камтылган. 18-сентябрда соңуна чыга турган жыйынды БУУнун өнүгүү программасы менен Европа экономикалык комиссиясы биргеликте уюштурууда. Ага Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин тиешелүү министрликтери менен мекемелеринин, эл аралык уюмдардын 70 ке чукул өкүлдөрү, Орусиянын “Русгидро” ишканасынын коопсуздук боюнча диагностикалык борборунун директору Владимир Щербина чакырылган.

XS
SM
MD
LG