Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Сарпашев журналисттер менен чай үстүндө кезигет

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев бүгүн Бишкек шаарында журналисттерге пресс-ланч уюштурат. “Парк-Отель” комплексинде өтө турган чай үстүндөгү баарлашуунун темасы парламенттик шайлоого даярдыктар жана аны чагылдыруу жаатында болмокчу. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттөн кабарлашты.

Жолугушууга жергиликтүү жана эл аралык медиа-мекемелердин Кыргызстандагы өкүлдөрү биригип, элүүдөй журналист чакырылган. (SE)

XS
SM
MD
LG