Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Хорватия үч миң качкынды кабыл алууга даяр


Сербиядан Хорватияны көздөй жөө-жалаң жөнөгөн качкындар.
Сербиядан Хорватияны көздөй жөө-жалаң жөнөгөн качкындар.

Бүгүн таңда Хорватияга мигранттардын алгачкы тобу-150 адам келди. Айрым качкындар полициядан качып талаалар аркылуу кире качканга аракет кылышууда. Бирок алардын көбү кармалып каттоо бөлүмүнө жөнөтүлдү.

Хорватиянын чек ара кызматынын башчысы Златко Соловардын айтымында, Загреб азырынча 3000дей качкынды кабыл ала алаарын билдирди. Ал ошондой эле чек араларга кошумча 6 миң полиция кызматкери жиберилгенин маалымдады.

Качкындардын “өң-түсүнө жана динине” карабай кабыл алуу ниетин Хорватиянын премьер-министри Зоран Миланович да ырастады.

15-сентябрда Венгрия өз чек арасын тикен зым менен тосуп, аны бузуп өткөндөрдү камай баштаган. Учурда Сербия менен Венгриянын чек арасында миңдей качкын бар.

Ал арада Хорватия Сербия менен чек аралаш аймактарын миналардан тазалоо үчүн атайын топторду жөнөттү. Сербия менен Хорватиянын ортосундагы 1991-95 жылдар аралыгындагы согушта бул аймактарда жер алдында көп миналар калганы айтылып келет. Бул коңшу өлкөдөн Хорватияны көздөй агылган качкындар коопсуздугун алдын алуу максатында көрүлгөн чара.

Акыркы жыйырма жылда 500 адам минанын жарылуусунан улам мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG