Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:53

Германия Жер Ортолук деңизиндеги адам аткезчилигине каршы күрөштү күчөтөт


Жер Ортолук деңизиндеги качкындар
Жер Ортолук деңизиндеги качкындар

Германия өкмөтү Евробиримдиктин программасынын алкагында коопсуздук күчтөрүнүн Жер Ортолук деңизиндеги миссиясын күчөтөт. Максаты - качкындарды деңиз аркылуу мыйзамсыз ташыгандарды кармоо. Коопсуздук күчтөрдүн 950дөй деңиз аскери Ливия менен Италиянын ортосундагы эл аралык деңиздерде жана сууларда качкындарды алып келаткан кемелерди издеп, кармайт.

Кемелерди конфискациялап же керек болсо толугу менен жоготот. Ушул эле миссияга чөгүп бараткан качкындарды куткаруу милдети жүктөлгөн. Буга чейин эле май айынан бери бул кызмат деңизден 7200 качкынды куткарган.

Миссиянын кийинки баскычтагы иши Ливиянын аймагындагы сууларда өткөрүлүүгө тийиш. Бирок бул үчүн БУУнун уруксаты же Ливия өкмөтүнүн суранычы керек.

Жыл башынан бери Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, Жер Ортолук деңизи аркылуу Европага 350 миңдей адам келген. Үч миңдей качкын жетпей чөгүп кеткен.

Германия өкмөтүнүн бул чечими эми парламентте бектилиши керек.

XS
SM
MD
LG