Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Украина Орусияга каршы санкцияларды кеңейтти


Украина өлкөнүн чыгышындагы шайлоолорго байланыштуу айрым орусиялык саясатчылар менен компанияларга жана ВВС, немис, испан гезиттери менен кызматташкан журналисттерге карата жаңы санкцияларды киргизип, мурдагыларын узартты. Президент Петр Порошенконун айтуусунда, анын буйругу Донецк жана Луганскидеги жикчилдердин шайлоо датасын мыйзамсыз жарыялоосуна жооп болуп эсептелет.

Украинада жергиликтүү бийликтерге шайлоо 25-октябрга белгиленген. Өзүн Донецк облусунун башчысы катары эсептеген Александр Захарченко добуш берүү 18-октябрда өтөрүн жарыялаган. Луганск облусунда шайлоо 1-ноябрда өтөрү кабарланган. Минск келишимине ылайык добуш берүү өлкө боюнча бир күнгө белгилениши керек.

Киевдин жаңы санкцияларынын тизмесинде 400 адам жана 90 мекеме-ишкана бар. Атап айтканда, Орусиянын коргоо министри, Мамлекеттик думанын спикери, “Аэрофлот”, “Газпромбанк” компаниялары, BBCнин Москвадагы бөлүмүндө иштеген бир орусиялык, эки британиялык кабарчысы, немистердин Die Zeit, испандардын El Pais басылмаларынын журналисттери, ТАСС агенттигинин, НТВнын, “Известия”, “Российская газетанын” кабарчылары бар.

BBC редактору Эндрю Рой “Азаттыкка” курган маегинде Киевдин бул аракетин сөз эркиндигин ооздуктоо катары баалады. (SE)

XS
SM
MD
LG