Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Өзбекстанда пахтага чыкпаган пенсионерлер да жазаланат


Өзбекстанда пахта терүү өнөктүгү башталып, бардык облустарда аялдар, балдар жана пенсионерлер талаага айдалып жатканын “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ар бир үйдөн жок дегенде бир адам сөзсүз пахта теримине чыгышы керек. Андан баш тарткандарды пенсия жана жөлөк пулдарды кесип салуу менен коркутуп атышат. Бийлик өкүлдөрү мажбурлоо жок экенин айтканы менен, аты атоону каалабаган расмийлер муну тастыктоодо.

Жыл сайын күзүндө Өзбекстанда мектептер, окуу жайлар жабылып, окуучулар менен студенттер да талаага чыгышат. Өткөн жылы пахта талаасында онго жакын адам каза болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG