Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Премьер-министр жоголгон жоокер боюнча экинчи комиссия түзүүнү тапшырды


Өкмөт башчы Темир Сариев жоголуп кеткен 19 жаштагы жоокер чек арачынын ишин кайра иликтеп, окуянын себептерин аныктоону вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевге тапшырды. Буга чейинки жоокерди издөө боюнча түзүлгөн комиссиянын иши жыйынтыксыз аяктаган. Бүгүн Маматалиев бул окуяга байланыштуу күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын курат.

“Карамык” чек ара бекетинин аскери Бексултан Баардинов 23-августтан бери дайынсыз. Чек арачылар алгач анын нөөмөткө кеткен бойдон дайынсыз экенин маалымдашкан.

Ош аскер прокуратурасы 14-сентябрда жоокер чек ара кайтарууга эмес, аңчылыкка кетип дайынсыз жоголгонун аныктап, бул факт боюнча үч кылмыш ишин козгоду.

Жоокердин жоголушуна байланыштуу Чек ара кызматынын Ош, Жалал-Абад башкармалыктарынын жетекчилери кызматтан алынган. (AzK)

XS
SM
MD
LG