Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Москвада кыз зордуктады деп шектелген “патриоттор тобунун” мүчөсү кармалды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, шектүү жаран Кыргызстан жана Орусия укук коргоо органдары тарабынан кармалды.

Маалым болгондой, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 14-сентябрда 20 жаштагы кыз кайрылып, "М." аттуу жаранга карата чара көрүүсүн өтүнгөн.

Кыздын айтуусунда, 13-сентябрга караган түнү ал жаран күч колдонуп, көңүл ачуучу клубдардын биринде аны зордуктап койгон. "М." зордукталган кыз ички иштер кызматына кайрылса видеону интернет аркылуу жайып жиберерин айтып коркуткан.

Укук коргоо органдары бул окуя боюнча 28 жаштагы түнкү клубда жүк ташуучу болуп иштеген Ош облусунун тургунун кармашкан. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран камакка алынды.

Интернеттеги жарыяланган видеодо кылмышка шектүү жаран жабырлануучуну зордуктабагандыгын, окуя эки тараптын макулдугу менен болгонун, кызды башка улуттагы балдар менен жүрөт деп жемелеп, урушканын билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG