Нарындагы "Санта-Барбара" жатаканасы башында облустук оорукананын карамагындагы бейтапкана болгон. 2001-жылы облустук бийлик аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак үй катары берген. "Санта-Барбарада" жалпысынан 80ге чукул батир бар. Алардын дааратканасы жана ичүүчү суусу сыртта жайгашкан.