Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, “Датка-Кемин” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган Кыргызстандын энергетиктерине жана кытайлык өнөктөштөргө мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Ага ылайык, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына салым кошкону үчүн “Улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун башкы директору Медетбек Айткуловго 3-даражадагы “Манас” ордени, кыргыз-кытай кызматташтыгына салым кошкону үчүн Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жана коммерция министри Гао Хученге “Данакер” ордени тапшырылды. Өндүрүштөгү жогорку жетишкендиктери үчүн “Даңк” медалы “Улуттук электр тармагы” ишканасынын электромонтеру Казыбек Көбөнбаевге жана “TBEA” компаниясынын президенти Джан Синге ыйгарылды. Мындан тышкары бир нече энергетиктер Ардак грамоталары менен сыйланды.
“Датка-Кемин” подстанциялары жана электр линияларынын курулушу 2011-жылы башталып, 2015-жылдын 28-августунда аяктаган. Бул Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кыла турган энергетикалык шакекченин түзүлүшүнө шарт түздү. (AzK)