Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:40

Крым татарлары Украинадан Крымга өтчү жолду бууйт

Крым жарым аралы.
Крым жарым аралы.

Крым татарлары Украинадан Крым жарым аралына азык-түлүк жана башка товарларды өткөрбөйт. “Узак мөөнөттүү блокада 20-сентябрда башталат”,-деп билдирди Крым татарларынын межилисинин төрагасы, Украина парламентинин мүчөсү Рефат Чубаров.

Ал 16-сентябрда Жогорку Радада сүйлөп, жүк тартуучу чоң машинелер Крымга өткөрүлбөсүн, бирок жарандар жана жеке менчик машинелерге жол ачык болорун эскертти. “Азык-түлүк блокадасы Херсон облусундагы Чонгар кыштагынан координацияланат,”- деди Чубаров. Чонгар Крымга өтчү үч жолдун тоомунда жайгашкан.

Украинага тийиштүү жарым аралды Орусия былтыр мартта каратып алган.

XS
SM
MD
LG