Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Ош: кошумча шайлоо участкаларына 17,5 миң шайлоочу катталды


Ош шаарында ачылган 7 кошумча шайлоо участкасына 17 миң 500 жаран катталды. Бул тууралуу Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдинов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, биометрикалык каттоодон өтүп, кошумча участкаларга жазылгандардын көбүн аскер адамдары, студенттер түзөт.

Ош шаарында 30 шайлоо участкасы бар. Алардын жетиси кошумча ачылган. Айрым эксперттер кошумча шайлоо участкаларга катталгандардын добушу бурмаланат деп чочулап келишет.(YI)

XS
SM
MD
LG