Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Тажик чек ара кызматы жоголгон жоокерди издөөгө көмөктөшөт


Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, бүгүн Кыргызстандын чек ара кызматы жоголуп кеткен 19 жаштагы жоокерди издөөгө жардам берүүнү өтүнүп тажикстандык кесиптештерине кайрылды. Анткени жоокер жоголгон тоонун аркы бети Тажикстандын аймагы болуп саналат.

Бүгүн өкмөт башчы жоокерди издөө ишин күчтөндүрүп, окуянын себептерин иликтөө боюнча экинчи жолу комиссия түзүүнү вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевге тапшырган. Ал күч түзүмдөрү менен жыйын куруп, издөө иштерине катыша турган адамдардын санын көбөйттү.

“Карамык” чек ара бекетинин аскери Бексултан Баардинов 23-августтан бери дайынсыз. Чек арачылар алгач анын нөөмөткө кеткен бойдон дайынсыз экенин маалымдашкан.

Ош аскер прокуратурасы 14-сентябрда жоокер чек ара кайтарууга эмес, аңчылыкка кетип дайынсыз жоголгонун аныктап, бул факт боюнча үч кылмыш ишин козгоду.

Жоокердин жоголушуна байланыштуу Чек ара кызматынын Ош, Жалал-Абад башкармалыктарынын жетекчилери кызматтан алынган. (AzK)

XS
SM
MD
LG