Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Таш-Көмүрдө эки окуучу сүрөткө түшөм деп аскадан учту


Шаар тургундардын "Азаттыкка" кабарлашынча, кечээ "Ата Мекен" партиясынын тоо башына илинген жарнагын көрүп, сүрөткө түшөбүз деп чыккан 4-класстын эки окуучусу аскадан учуп кеткен. Алардын бири каза болуп, экинчиси ооруканага жаткырылды. Баланын абалы оор жана оң жак колун дарыгерлер кесүүгө аргасыз болушту.

Бүгүн Аксы районуна караштуу Кербен шаарында “Кыргызстан” партиясынын жолугушуусуна бараткан “Вента” үлгүсүндөгү жеңил унаа жол кырсыгына кабылды. Унаа ичиндеги он адамдын алтоо ооруканага жаткырылып, он жаштагы бала ооруканадан көз жумду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аксынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Жанарбек Надырбеков билдирди. (RsK)

XS
SM
MD
LG