Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Бишкекте Жол кайгуул кызматынын иши талкууланат


Ички иштер министрлигине караштуу Жол кайгуул кызматын реформалоодогу маселелер боюнча бүгүн министрликтин кызматкерлери маалымат жыйын курат. Мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, анда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча суроолорго да жооп берилет.

Министр Мелис Турганбаев эки ай мурун Жол кайгуул кызматындагы азыркы шарт жана абал чоң өзгөрүүлөргө мүмкүнчүлүк бербей турганын айткан. Июль айында өкмөт башчы Темир Сариев тармакты реформалоо боюнча программаны тез арада даярдоону тапшырган.

Расмий маалыматтар боюнча, жыл башынан бери жол кырсыктарынан 500дөн ашуун адам каза тапты.

Былтыр жарым жыл ичинде бюджетке Жол кайгуул кызматы тарабынан 79 миллион сом, быйыл жыл башынан бери 200 миллион сомдой айып акча төгүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG