Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Кыргызстанда боордун жугуштуу дартына кабылгандар көбөйдү


Алай, Ат-Башы, Талас, Суусамыр жана Токтогул аймактарындагы элдин арасында боордун жугуштуу эхинококкоз, альвеококкоз оорулары менен ооругандар барган сайын көбөйүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук хирургия борборунун Анестезиология жана реаниматология бөлүмүнүн башчысы Жамила Чыңгышева билдирди. Анын айтуусунда, жыл сайын 130дан ашуун киши боордогу мите курт дарты менен ооруканага түшүп, операция болууда.

Бул оору негизинен жаныбарлардан жугат жана гигиена талаптарын сактабоодон пайда болот.

Альвеококкоз оорусуна чалдыккандарды дарылоо да кыйынга туруп, көбүнчө оорулуулар илдет өтүшүп кетип, операция болушат. (BCh)

XS
SM
MD
LG