Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:05

Биометрикалык маалымат тапшыруу бүгүн токтойт


Кыргызстанда бүгүн кечки саат алтыда жарандардан биометрикалык маалыматтарын алуу өнөктүгү бир айга токтотулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттөн кабарлашып, ага катышпагандарды кечке чейин каттоодон өтүүгө чакырышты.

Расмий маалыматка ылайык, өлкө боюнча 2 миллион 807 миң адам өздүк маалыматтарын тапшырды.

Ошондой эле шайлоого карата тизмеден өзүн текшерип, добуш берүү участкасын өзгөртүү боюнча арыздарды кабыл алуу да бүгүн токтотулат.

Быйыл парламенттик шайлоо биометрикалык каттоонун негизинде өтөт. Өлкө боюнча добуш берчүлөрдүн саны 2 миллион 670 миң. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG