Ирактын баш калаасы Багдаддын борбордук бөлүгүндө 17-сентябрь күнү эки жанкечти өзүн жардырды.
Жардыруулар полициянын көзөмөл бекеттеринде уюштурулду. Соода-сатыкка ылайыкташкан Баб ал-Шарж аймагындагы жардыруудан 8 жөнжай адамдар менен бир офицер курман болушту. 21 адам жарадар болушту.
Экинчи жанкечти ал-Ватба аянтында өзүн жардырып, беш адамдын өмүрүн кыйды. Арасындагы экөө полиция кызматкери. Он эки адам жарадар болду.
Азырынча бул кол салууларга эч ким жоопкерчилик ала элек. (SE)