Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониядан “Азаттыкка” билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын эл артисти, ырчы Эрмек Мойдунов кечээ 17-сентябрь күнү кечке жуук жүрөгү токтоп каза болду. Ал быйыл 70 жашта болчу.
Эрмек Мойдунов Ош облусуна караштуу Жапалак айылында 1944-жылы туулган.
Мойдунов 1968-жылдан 1999-жылга чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын туңгуч эстрада ансамблинде, Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде иштеген. Бул жылдардын аралыгында М.Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун ырдоо классын бүтүргөн.
Ал тунук тенор үнү менен элдик ырлардан тартып кыргыздын залкар обончуларынын, композиторлорунун ырларына, романстарына өлбөс өмүр улап, 1967-жылы «Эне жөнүндө баллада», 1969-жылы «Сары-Челек», 1973-жылы «Күйдүм чок» аттуу ырлары менен популярдуу болгон.Ал аткарган популярдуу ырлардын катарында элдик ыр "Сары-Ой" бар.(AzK)