Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Бишкекте жүргүнчүлөрдү тоногон чөнтөкчү кармалды


Ички иштер минитсрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, коомдук транспортто уурулук кылган 30 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды.

Ал ушул тапта телефон жана акча уурдалган алты факт боюнча шектелүүдө. Чөнтөкчүнү текшерүү маалында жанынан ага тийиштүү эмес эки мобилдик телефону чыккан. Азыр бул жарандын башка кылмыштарга катышы бар-жогу иликтенип жатат.

Шектүү жаран мурда дагы үч ирет уурулук боюнча кылмыш жоокерчилигине тартылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG