Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

ИИМ: Жаза аткаруу кызматында жыл башынан бери жети кылмыш иш катталды


Кыргызстандын жаза аткаруу системасындагы жемкорлук боюнча жыл башынан бери 7 кылмыш иш катталды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Кечээ министрликтин өкүлдөрү Жаза аткаруу кызматында жыйын өткөрүп, коррупцияга каршы биргелешип күрөшүү жаатында планды талкуулашты.

Адистердин айтымында, бул жакта негизинен мамлекеттик сатып алуулар жана жатак абактар боюнча түрдүү мыйзам бузуулар катталат.

Кыргызстанда жаза аткаруу системасында учурда 4 миңдей киши иштейт, алардын 1,5 миңи аскерге чакырылган солдаттар. 1 түрмө, 11 жабык, 14 жатак, 4 тергөө абагында жазасын өтөп жаткандардын жалпы саны 15 миңдин тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG