Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Мушкер Урмат Рыскелдиев АКШдагы кезектеги беттешин өткөрөт


Урмат Рыскелдиев
Урмат Рыскелдиев

Бүгүн, 19-сентябрда кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев АКШдагы профессионалдык рингде 7-беттешин өткөрөт. Мушкердин менеджери Жаныш Осмондун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Рыскелдиев 69 кг салмак ченинде кубалык Усман Абру менен таймашат.

"Топ ранк" промоутердик компаниясы уюштурган беттеш Лос-Анжелес шаарында жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 19:00до башталып, 6 раундга созулат.

Жаныш Осмон кошумчалагандай, Урмат Рыскелдиев акыркы 2 айга жакын убакыт WBU уюмунун чемпиондук куру үчүн афроамерикалык Клеотис Пендарвис менен күч сынашууга даярданып келген. Таймаш болооруна 2 жума калганда 29 жаштагы Пендарвис рингге чыгуудан баш тартып, ал беттеш болбой калган.

- Бүгүнкү таймаш, буюрса, ийгиликтүү аяктаса, WBU уюмунун чемпиондук куру үчүн күрөшүүгө кайрадан даярданабыз деп үмүттөнөбүз, - дейт Жаныш Осмон. (ECh)

XS
SM
MD
LG