Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Майлуу-Сууда үгүт жарнагына байланыштуу кылмыш иш козголду


Майлуу-Суу шаарында "Өнүгүү-Прогресс" партиясы илген үгүт жарнагынын айрылышына байланыштуу кылмыш иш козголду. Шаардын Ленин көчөсүндө илинип турган жарнакты 10-сентябрда белгисиз бирөөлөр алып салышкан.

Партиянын координаторунун арызынын негизинде шаардык милиция Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине ылайык кылмыш иш козгогонун "Азаттыкка" бүгүн облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө шаардын тургуну кармалып, келтирилген чыгымды партияга төлөп берүүгө милдеттендирилди.

17-сентябрда Сузак милициясы "Ата-Мекен" партиясынын 50гө жакын жарнагынын айрылышына байланыштуу кылмыш иш ачкан. (RsK)

 

XS
SM
MD
LG