Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Кыргызстандык ишкерлер кесиптик майрамын белгилөөдө


Бүгүн кыргызстандык ишкерлер кесиптик майрамын белгилөөдө. Президент Алмазбек Атамбаев кечээ жолдогон куттуктоосунда бизнесмендерди дүйнөдөгү абройлуу ишкерликтин мыкты үлгүсү болууга жана активдүүлүккө умтулууга чакырды. Ишкерлердин шартын жакшыртууга, алардын укуктук жактан корголушун камсыз кылып, легалдуу экономиканы бекемдөөгө мамлекет колунан келген аракетин жасайт деп убада кылды.

Расмий маалымат боюнча, учурда өлкөдө ички дүң өнүмдүн 42% чакан жана орто бизнес ишканалары камсыздоодо. Алардын жалпы саны бүгүнкү күндө 11 миңдин тегерегинде.

Көз каранды эмес эксперттердин белгилешинче, Кыргызстанда ишкердикти колдоо тууралуу мыйзам бар, бирок ал декларативдүү мүнөзгө гана ээ. Эгемендик алгандан бери өлкөдө чакан жана орто ишканалардын абалын талдаган бир да изилдөө жүргүзүлө элек.

Ишкерлер күнү өлкөдө соңку 15 жылдан бери 20-сентябрда белгиленип келатат.

Экономика министрлигинен кабарлашкандай, эртең, 21-сентябрда Бишкекте премьер-министр Темир Сариевдин ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG