Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Баалуу металлдарды ташып кетүүгө бөгөт коюучу ыкма сунушталууда


Кыргызстандын Экономика министрлиги баалуу металлдар концентрат түрүндө өлкөдөн сыртка мыйзамсыз ташылып кетип жатканына бөгөт коюу максатында токтом долбоорун иштеп чыкты. Анда лабораториялык текшерүү үчүн жөнөтүлүүчү материалды чогултууга мындан ары атайын стандарттар боюнча аккредитациядан өткөн компанияларды тартуу сунушталууда. Себеби азыркыдай компания өзү чогултканда туура эмес маалымат чыгып, натыйжада баалуу кендер уурдалууда.

Өлкөдөгү бир катар алтын кендерин иштеткен чет элдик, тагыраак айтканда, кытайлык жана казакстандык компаниялар чалгындоо максатында деп казылган кенди концентрат түрүндө тонналап ташып жатканы, аны менен кошо ашыкча же башка баалуу заттар да кетип жатканы көптөн бери айтылып келүүдө. Мындай көрүнүш айрыкча Ала-Бука, Чоң-Алайдагы кендерде катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG