Күтүлбөгөн түрдүү кырдаалдар түзүлүп калса тиешелүү чара көрүү үчүн алдын ала план түзүлүшү керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев шайлоого даярдык көрүү боюнча координациялык кеңештин Каракол шаарында ишемби күнү өткөн жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Вице-премьер коомдук тартипти буза тургандар болсо аларга карата мыйзамдуу чара көрүлүшү, буга жергиликтүү бийлик жардам бериши керектигин талап кылды.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орунга 14 саясий партиядан 2 миңдей талапкер ат салышууда. (RK)