Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

АКШнын Access программасы майып балдарга англис тилин бекер үйрөтүүдө


АКШ өкмөтү каржылаган Access программасы майып балдарга англис тилин бекер үйрөтүүчү кезектеги долбоорун баштоодо. 13-16 жаштагы өспүрүмдөр бир жыл бою англис тилин окуп, керектүү китеп, окуу куралдары менен камсыз болот. Өзү баса албагандар үчүн атайын унаа бөлүнөт.

Access программасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө иштейт. Кыргызстанда анын ишмердүүлүгү 2007-жылы башталган.

Англис тили менен катар балдарга лидер болуу, түрдүү социалдык долбоорлорго катышуу жолдору үйрөтүлөт.

Расмий эсепте учурда Кыргызстанда 162 миң майып адам бар. Алардын 30 миңге жакыны 18 жашка чейинкилер. (RK)

XS
SM
MD
LG