Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Крым татарлары "экономикалык блокада" баштады


Бүгүн Крым татарлары Крымга азык-түлүк ташыган унааларды киргизбей, "экономикалык блокада" баштады. Акцияны "Крым татар элинин межлиси" уюму уюштурууда. Чонгар, Чаплинка жана Каланчак өткөрмө бекеттеринде Украинадан келаткан фуралар токтотулуп, бетондон жасалган тосмолор орнотулуп жатканын «Крым.Реалиялар» радиостанциясы кабарлады. Жеңил унаа жана жүргүнчү ташыгандар тоскоолдуксуз өтүүдө.

Уюуштуруучуларга Украина президентинин крымдык татарлар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мустафа Жемилев келип кошулду.

​Крымдын азыркы башчысы Сергей Аксенов блокаданын уюштуруучуларын айыптап, украиналык товарлардын жетишсиздиги баанын өсүшүнө алып келбешин көзөмөлдөй турганын билдирди.

Крымды былтыр Орусия аннексиялап алгандан кийин ал жакта жашаган татарлар жаңы бийликтин басмырлоосуна кабыла баштаган. Себеби алар Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоп, Орусияга кошулуу тууралуу референдумга каршы чыккан болчу. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG