Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Тейлөө тармагы солгундады


Кыргызстанда тейлөө тармагы боюнча көрсөткүч былтыркыга караганда быйыл 0,5% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Январь-август айларында кызмат көрсөтүү ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) дээрлик 50% түздү. Ал эми товар өндүрүүнүн көлөмү былтыркы жылга салыштырганда 1,7% жогорулап, ИДӨнүн 38% түздү.

Жалпысынан быйыл 8 ай ичинде ички дүң өнүм 250 миллиард сомго жетип, өткөн жылга карата 7% өстү. Кумтөрдү эсептебегенде өсүш 4,5% болду. (RK)

XS
SM
MD
LG