Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Орус оппозициясы Москвада митингге чогулду


Москванын түштүк тарабындагы Марьино районунда “Бийликтин алмашып туруусу үчүн” деп аталган митингге оппозиция активисттери жана алардын миңдеген жактоочулары чогулду.

Митинг Орусияда өткөн аптадагы жергиликтүү шайлоо бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын жеңиши менен аяктаган соң өтүүдө.

Акыркы жылдары лидерлери Кремлдин негизги сынчысына айланган ПАРНАС партиясынын талапкерлерине бир гана Кострома облусундагы шайлоого катышууга мүмкүндүк берилип, бирок оппозиция бул облуста да аймактык парламентке кире алган жок.

Көз карандысыз “Голос” уюму Орусиянын быйылкы жергиликтүү шайлоосуна “өнөктүк административдик технология колдонууну шайлоо күнүнөн анын алдына которуу тенденциясын бекемдеди, реалдуу саясий атаандаштык болгон жок, шайлоонун алдын ала аныкталган жыйынтыгы добуш берүү күнү жөн гана расмий легитимдешти”,-деп баа берген.

Москвадагы бүгүнкү митингге жыйналгандар Орусиянын жана оппозициячыл ПАРНАС партиясынын желектерин жана оппозиция лидери Борис Немцов өлтүрүлгөнүн эске салган плакаттарды көтөрүп турушат. Митинг ушул мүнөттөрдө уланууда.

XS
SM
MD
LG