Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:43

Кыргызстандан Кытайга жогорку чыңалуудагы электр линиясы тартылат


Учурда Кытайга өтүүчү жогорку чыңалуудагы линиянын техникалык тапшырмалары даярдалып жатканын вице-премьер-министр Валерий Диль журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, энергетика тармагы Кыргызстандын экономикасында бирден-бир негизги орунду ээлейт жана артынан башка тармактарды тартып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргызстан-Кытай жогорку чыңалуудагы электр линиясы “CASA 1000” долбоорунун алкагында ишке ашмакчы. Аталган долбоор жаңы жылдан тартып иштей баштайт. Долбоор алкагында Борбор Азиядан Түштүк Азияга электр энергиясын тартуу үчүн Кыргызстан Европалык инвестиция банкы менен келишим түзгөн.

Долбоордун жалпы суммасы 281 млн. 700 миң евро турат. Мунун ичинен 205,2 млн. евро Кыргызстан менен Тажикстандын электр тармактарын бириктирүү максатына жумшалмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG