21-сентябрдан тарта 25-сентябрга чейин шаардык Бишкек шаардык Саламаттыкты сактоо департаменти ири соода түйүндөрүндө, оюн-зоок борборлорунда жана ошондой эле эл көп топтолуучу жерлерге кан басымын текшерүү түйүндөрүн ачат. Мындан тышкары баш калаадагы бардык үй-бүлөлүк дарылоо борборлорунда ачык эшиктер күнү өткөрүлөт.
Бул акция карапайым элди кан басым көтөрүлүүнүн кесепеттери менен тааныштыруу, андан пайда болуучу оорулардын мүнөздөрү тууралуу маалымат берүү максатында уюштурулууда.(ZKo)