Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

ЕККУ парламентарийлери шайлоого байкоо салат


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы Ивица Дачич Австриянын парламент мүчөсү Кристин Муттоненду Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо салчу топтун атайын координатору кылып дайындады. Бул тууралуу уюмдан кабарлашты.

Мындан сырткары Чех парламентинин депутаты Ивана Добешова ЕККУ парламенттик ассамблеясынын атынан шайлоого көз салчу делегацияны жетектейт. Аталган делегацияга уюмга мүчө өлкөлөрдөн 31 өкүл кирет.

ЕККУнун парламенттик ассамблеясы 2000, 2005, 2007 жана 2010-жылкы парламенттик шайлоого, 2005, 2009 жана 2011-жылкы президенттик шайлоого байкоо салган. (UEz)

XS
SM
MD
LG