Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Кыргыз паратриатлончусу Чикагодон коло байге алып кайтты


Триатлон федерациясынан билдиришкендей, Кыргызстандык спортчу Нурбек Тойчубеков АКШнын Чикаго шаарында 19-сентябрда өткөн паратиатлон боюнча дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду.

Тойчубеков спорттун бул түрү менен бир жылдан бери машыгууда. Бир колунан майып спортчу кыска убакыт аралыгында федерациянын бардык таймаштарына активдүү катышып, мыкты жыйынтыкты көрсөтө алган.

Ал таймашта 750 метр аралыкты сууда сүзүп өтүп, 20 чакырым жолдо велосипед тээп, 5 чакырым аралыкты чуркап өткөн.

Буга чейин ал 2015-жылдан жаз айларында Филиппинде өткөн паралилоимпиадалык оюндарга катышып, бешинчи орунду алган болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG