Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Бишкекте айыл чарба продукцияларынын жармаңкеси өтүп турат


Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, айыл чарба продукцияларынын жармаңкеси ар бир дем алыш күндөрү уюштурулуп, ал 27-ноябрга чейин созулат.

Анда Чүй облусундагы ондогон өндүрүшүчүлөр өздөрүнүн товарларын ортомчуларсыз түз сатканга мүмкүнчүлүк алышат. Жармаңкеде мөмө-жемиш, жашылчалар, бал, сүт азыктары жана эт сатылып, алардын баасы базар баасынан 15-20 пайыз арзан сатылат.

Мындай жармаңкелер Асанбай, Жал кичирайондорунда, Нуркамал жана Токомбаев, Айни-Бакаев, Салиев-Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтчаларда жайгашат. (AzK)

XS
SM
MD
LG