Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Сариев: ЕАЭБде ишкерлерге жаңы мүмкүнчүлүк пайда болот


Кыргызстандын ишкерлери менен болуп жаткан жолугушууда өкмөт башчы премьер-министр Темир Сариев чакан бизнеске байланыштуу салык маселеси жакшырганын, визасыз режим киргизилгенин белгиледи. Ал сатуудан түшкөн салыкты жоюу демилгеси каралып жатканын, камсыздандыруучу төлөмдөрдү башкаруу функциясы бир органга берилип жатканын айтып, ошол эле учурда инвестор үчүн туруктуу режим киргизүү чечими кабыл алынып, курулуш тармагы үчүн салыктар кыскартылганын, мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү жаңы системага өткөнүн билдирди.

Мындан тышкары Cариев лицензиялык-уруксат берүү системасы реформаланып, тоо-кен тармагы боюнча жаңы мыйзам базасы түзүлгөнүн кошумчалады.

“Кыргызcтанда эми компания ачуу эки процедураны жаны үч күндү талап кылат. Ал эми жеке менчикти каттоо үчүн 4 процедура, 6 күн керек. Укуктук тараптарды текшерүү мөөнөтү эки эсе кыскартылды. Мурдагыдай 30 күн эмес, 15 күн, ал эми чакан бизнес субъекттери үчүн 5 күн болуп калды. Бул шарттар атамекендик ишкерлерди өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн инвестор тартууга багытталган”, -дейт премьер. (AzK/Aku)

XS
SM
MD
LG