Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Ошто жол кырсыгынан 6 киши мерт болду


Өзгөчө кырдаалдар министрининин басма сөз кызматынын “Азаттыкка” билдиришинче,Өзгөн районундагы Мырзаке айылында бүгүн  21-сентябрда саат ондор чамасында Өзгөн-Кара-Кулжа унаа жолунун 17-чакырымында Мерседес-Бенц жана Хонда Степ үлгүсүндөгү унаалар кагылышты.

Кырсыктан Мерседес-Бенц унаасындагы 2 киши, Хонда Степ унаасындагы 1 киши  кыпчылып, каза болушкан. Алардын денесин куткаруучулар чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган 8 киши тез жардам унаасы менен Өзгөн райондук ооруканага жеткирилген. Ооруканада алардын үчөө алган жаратынан каза болушту.  Арасында 3 айлык ымыркай бар.

Азыр жарат алган беш кишиге медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. (AzK)

 

XS
SM
MD
LG