Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Роухани: Көпчүлүк ирандыктар өзөктүк курал боюнча келишимди колдойт


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани көпчүлүк ирандыктар жакында кол коюлган ядролук программа боюнча келишимди колдойт деп билдирди.
Бул тууралуу ал АКШ телеканалынын 20-сентябрда эфирге чыккан "60 мүнөт" берүүсүндө айтты. Ал кошумчалагандай, ирандыктар али АКШга ишенбейт. Бирок аталган келишим мамилелерди жакшыртышы керек.

"Аралыктын алыстыгы, карама-каршылык, ишенимдин жоктугу - булар жакын арада эле жоголо койбойт. Биз бул кастыкты азайтуунун биринчи кадамын жасадык" деди Роухани.

Роухани ошондой эле "туткундарды алмашууга" Иран кызыктар экенин кошумчалады. Ирандын түрмөсүндө АКШнын бир канча жараны, анын ичинде Washington Post басылмасынын журналистти Жейсон Резаян да бар.

Ошол эле кезде АКШ абагында иран жарандары камалып турат. Алардын айрымдары экономикалык санкцияларды бузгандыгы үчүн кесилген.

Тегерандын ядролук программасы боюнча дүйнөнүн алты державасы – АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германиянын Иран менен 10 жылдан ашык созулган сүйлөшүүсү 14-июлда Венада аягына чыккан. Ал келишимге ылайык, Иран ядролук программасын кескин кыскартат жана ага жооп катары Тегеранга каршы эл аралык санкциялар кыскартыла баштайт.

XS
SM
MD
LG