Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Атамбаев орус губернаторлору менен жолукту


Мамлекет башчысы 21-сентябрдын кечинде Башкортстан президенти Рустам Хамитовду жана Орусиянын Новосибирск, Оренбург, Саратов облустарынын жетекчилерин кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Жолугушууда Кыргызстан менен Орусиянын аймактар аралык кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү маселеси талкууланды.

Орусиянын субъект жетекчилери Бишкекке IV кыргыз-орус региондор аралык конференциясына катышууга келишкен. Конференция бүгүн өтөт. Анда эки өлкөнүн ЕАЭБ алкагындагы алакасы талкууланат. Жыйынга тиешелүү мамлекеттик орган өкүлдөрү, ишкер чөйрө жана бейөкмөт уюмдар катышат. (UEz)

XS
SM
MD
LG