Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Чет өлкөдө 36 добушкана ачылат


БШКдан билдиришкендей, чет өлкөдөгү шайлоо участкаларында иштөөчү кызматкерлер Бишкекте 4 күндүк окууга катышууда. Окуу курстарынын соңунда операторлорго шайлоочулардын тизмеси, шайлоо шаймандары тапшырылат.

Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, добушканалардын бардыгы Кыргызстандын элчилик жана консулдук имараттарында жайгашып, жалпысынан 36 участок чет өлкөлөрдө ачылууда. Кыргызстандык жарандар Орусияда басымдуу болгондуктан, аталган өлкөдө 8 добушкана ачылат. Казакстанда 3 шайлоо участкасы иштейт.

Чет жакадагы мекендештер шайлоого катышуу үчүн биометрикалык маалыматын тапшырып, консулдук каттоого турушу керек. Шайлоочунун тизмесине кирген жарандар гана шайлоого катышууга укуктуу. (SDz)

XS
SM
MD
LG