Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районунда жайгашкан эски имараттын короосунда жүздөн ашуун эшек багып жаткан кытай жарандарынын үстүнөн иликтөө жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал жерди иштетип жаткандар союлган эшектердин эти чет жакка жөнөтүлөрүн билдиришкен. Бирок жергиликтүүлөр эт Ошто эле сатылышы мүмкүн деп тынчсызданышууда.
Шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, эшек баккан жер кытайлык Сун Гуо Жанга таандык. Анын колунда 132 эшек бар экени такталды.
Быйыл жыл башында Бишкекке жакын жердеги айылда эшек союлган касапкана аныкталып, андагы союлган эшектердин эти борбор калаадагы коомдук тамактануу жайларына жана эт базарларына чыгарылып турган деген маалымат тараган.
Касапкананын ээлери эшек эти чет өлкөлүк зоопарктарга жиберилерин билдиришкен. (SE)