Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Путин: Орусияда экономикалык абал кыйын, бирок өтө опурталдуу эмес


Владимир Путин
Владимир Путин

Орус президенти Владимир Путин өлкөдө экономикалык кырдаал кыйындыгын, бирок өтө опурталдуу эместигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн өкмөт мүчөлөрү менен 2016-жылдын бюджетин талкуулап жатканда билдирди. Анын айтымында, кийинки жылы бюджет таңкыстыгы ички дүң өнүмдүн үч процентинен ашпашы керек.

Орусия экономикасы өлкө Крымды аннексиялап алганы жана Украина чыгышындагы жикчилерге колдоо көрсөткөнү үчүн жарыяланган Батыш санкцияларынан жапа чегип келүүдө. Буга дүйнөлүк базарда мунайдын баасы арзандашы да кошул-ташыл болду.

Эл аралык валюта кору быйыл Орусия экономикасы 3,4 процентке кыскарышын болжолдоодо.

XS
SM
MD
LG