Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Хорватияда качкындар менен полиция ортосунда жаңжал чыкты


Тартип коргоочулар менен мыйзамсыз мигранттардын ортосундагы мушташ өлкө чыгышындагы Опатовач деген кыштакта чыккан. "Интерфакстын" билдиришинче, ага полиция өлкө аймагына кезексиз кирүүгө умтулган качкындарды тосмодон ары сүрүп салышы себеп болгон. Андан жапа чеккендер тууралуу маалымат айтыла элек.

Хорват полициясынын өкүлү Хелмут Марбандын сөзүнө караганда, акыркы күндөрү Никкельсдорф аймагына кирген он миң качкындын көпчүлүгү качкындар борборуна жөнөтүлдү.

15-сентябрда Венгрия качкындар үчүн чек арасын жапкан соң алар Хорватияны көздөй агыла баштаган. Согуш оту өчпөй жаткан Сирия, Ирак жана Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдөн чыккан бозгун-мигранттар негизинен Батыш Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Германияга барууну самашат.

Frontex чек ара агенттигинин маалыматына караганда, соңку 7 айда Евробиримдик аймагына кирген качкындардын саны 340 миңге жеткен. Бул былтыркы ушул маалга салыштырганда эки эседей көп.

XS
SM
MD
LG