Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Таллиндин мэри пара алууга шектелип кармалды


Эстония -- Таллиндин мэри Эдгар Сависаар. 22-август, 2013
Эстония -- Таллиндин мэри Эдгар Сависаар. 22-август, 2013

Эстониянын мурдагы премьер-министри, баш калаанын мэри Эдгар Сависаар шейшембиде пара алууга шектелип кармалды. Эстонияда москвачыл саясатчы катары эсептелген Сависаар Чордончул партиянын лидери. Бул партияны негизинен өлкөдөгү орус тилдүү калк колдойт.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 65 жаштагы мэр акыркы эки жылда мүлк жана жеңилдик иретинде бир канча пара алып турган. Анын жалпы суммасы бир канча жүз миң еврого барабар. Прокуратуранын өкүлү Ильмар Кахро Сависаар бул ишке шектүү бир канча киши менен чогуу кармалганын билдирди.

Бул кармоо Украина чыгышындагы окуяларга байланыштуу Эстониянын Орусия менен мамилеси жакшы болбой жаткан учурга туш келди. Крымды аннексиялап алганы жана Украина чыгышында бүлүк салган орусиячыл жикчилерди колдогону боюнча Москваны айыптоолорго Эстония да кошулуп келет.

XS
SM
MD
LG