Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:15

Маматалиев: жоголгон жоокерди издөө күчөтүлдү


Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев мындан бир ай мурда кыргыз-тажик чек арасында жоголгон аскерди издөө иштери күчөтүлгөнүн билдирди. Анын “Азаттыкка” ырасташынча, издөө иштерине атайын бөлүктүн жоокерлери да тартылган.

Кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөп жүргөн жоокер 23-августтан бери дайынсыз. Алгач чек ара кызматы анын кезметке чыккан бойдон дайыны чыкпай калганын айткан. Бирок кызматтык иликтөөдө жоокер командирдин тапшырмасы менен аң уулоого кеткени билинген. Мындан улам аталган аскер бөлүктүн бардык кызматкерлери иштеринен алынган.

Жоголгон жоокер 2014-жылдын күзүнөн бери Ош чек ара отрядына караштуу Карамык тозотунда кызмат өтөп жаткан.(UEz)

XS
SM
MD
LG